ЖЫЛНААМА, 20-АВГУСТ: “Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу Ренат Тентимишовдун каза болгонуна 4 жыл болду

Ренат Тентимишов 2013-жылдын 19-август күнү кечинде өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми 20-августта 26 жаш курагында көз жумган. Маркум 22-августта туулуп-өскөн жери Кочкор районунун Мантыш айылында жерге берилген.

Дарыгерлердин айтымында, ал эки жолу инфаркт оорусун өткөргөн. Ал эми жакындары ал оору тууралуу билишкен эмес.

"Балдар менен Юрмалада жүргөндө ооруган экен, аны климаттын алмашканынан го деп коюптур. Канчалык оорусу тынчын алганын билбейм, бирок бизге бир да билдирбей, үйгө жаркырап гана кирип келчү. Кээде досторуна «бул жерим бир аз сайышып турат» деп калчу экен. Ошондо олуттуу оору экенин билбей калганыбызды ойлоп өкүнүп, кыйналып кетем", - деген апасы Гулиса Эсенбекова "Супер-Инфого" берген маегинде.

“Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу, "Большие люди" долбоорунда каардуу Баха братандын ролу аркылуу белгилүү болгон Ренат Тентимишов 1987-жылы 18-июлда Фрунзе шаарында туулган. Немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияны аяктаган соң Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өткөн. Университетти аяктап, Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп, банкта бир жылча иштеп, кийин "Азия MIX" КВН командасына кошулган. Андан сырткары "Общага" телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен.
20-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2017-08-20 13:55:38
Жаткан жери жайлуу болсун!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан