Швейцариядагы ири соода түйүндөрүнүн бири бүгүн, 21-августтан тарта курттардан жасалган тамак-аштарды сатыкка чыгарат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, эми “Coop Cooperative” соода түйүнү котлеттерди, ун менен жасалган тамак-аштарды курттардан жасап, сата башташат. Алардын түшүнүгүндө мындай азык-түлүктөр мал-жандыктардын этине караганда алда канча пайдалуу жана айлана-чөйрөгө эч кандай таасир тийгизбейт.
Белгилүү болгондой, Швейцария ушул жылдын май айынан тарта курт, чегиртке, сөөлжан, ун курту кошулган азык-түлүк сатууга уруксат берилген алгачкы европалык өлкө болуп саналат. Бирок тамакка кошулуучу курттар атайын бактырылып, алгачкы 3 тукумунан кийинкилерин гана азык катары колдонууга болот.