Тил сынагын ийгиликсиз тапшырган эки президенттикке талапкер кайрадан тесттен өтүштү

15-августта Тил сынагын тапшырып, жетиштүү балл топтой албай калган президенттикке талапкерлер Аскарбек Абышев жана Советбек Абыкулов 18-августта кайрадан тесттен өтүштү. Буга себеп талапкерлердин кайрылуулары болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгында Абышев 60,45 балл, ал эми Абыкулов 60,54 балл алуу менен сертификатка ээ болду.

"Сынак тапшырган талапкерлердин ичинен 5 талапкер талаптагыдай балл топтой албагандыгына байланыштуу, аларга алган баллы көрсөтүлгөн маалым кат гана тапшырылган", - деп айтылат маалыматта.

Сынактан өткөндөрдүн тизмеси:

  1. Адахан Мадумаров (96,7 балл);
  2. Турсунбек Акун (94,75 балл);
  3. Сооронбай Жээнбеков (94,6 балл);
  4. Өмүрбек Текебаев (93,75 балл);
  5. Өмүрбек Бабанов (93,5 балл);
  6. Улукбек Кочкоров (91,9 балл);
  7. Бакыт Дегенбаев (89,5 балл);
  8. Турсунбай Бакир уулу (88,6 балл);
  9. Өмүрбек Бөлтүрүков (87,21 балл);
  10. Азимбек Бекназаров (86,4 балл);
  11. Марат Иманкулов (86,15 балл);
  12. Ахматбек Келдибеков (85,9 балл);
  13. Рита Карасартова (86 балл);
  14. Турат Акимов (85,13 балл);
  15. Мукар Чолпонбаев (84 балл);
  16. Камчыбек Ташиев (83,25 балл);
  17. Темирбек Асанбеков (82,53 балл);
  18. Исхак Масалиев (82,25 балл);
  19. Канатбек Исаев (82,15 балл);
  20. Темир Сариев (81,8 балл);
  21. Максатбек Жумабеков (81,6 балл);
  22. Камила Шаршекеева (80,9 балл);
  23. Кубан Чороев (80,3 балл);
  24. Таалатбек Масадыков (79,8 балл);
  25. Токтобүбү Таласбаева (79,77 балл);
  26. Замира Муратбекова (79,5 балл);
  27. Казыбек Шайымбетов (79,37 балл);
  28. Алмаз Каримов (77,6 балл);
  29. Акылбек Мансуров (77,34 балл);
  30. Токтайым Үмөталиева (76,7 балл);
  31. Назарбек Нышанов (74,15 балл);
  32. Сагынбек Абдрахманов (74 балл);
  33. Дамира Токтосунова (73,65 балл);
  34. Талгатбек Кожогулов (72,18 балл);
  35. Бакыт Төрөбаев (71,8 балл);
  36. Санжарбек Энназаров (70,25 балл);
  37. Арсланбек Малиев (64,27 балл);
  38. Марат Мергенов (61,12 балл);
  39. Темиркул Өмүралиев (61 балл);
  40. Советбек Абыкулов (60,54 балл)
  41. Сайнидин Султанидинов (60,53 балл);
  42. Аскарбек Абышев (60,45 балл);
  43. Арстанбек Абдылдаев (60,2 балл);
  44. Эрнис Зарлыков (60,16 балл).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
suyor
2017-08-21 11:26:42
Текебаевтин балын да жазгыла
+2
bilbeim.dordoi
2017-08-21 11:31:12
suyor,туура айтасын
0
tulpar90
2017-08-21 12:15:18
bilbeim.dordoi,турат карасаң
+1
Merch
2017-08-21 11:47:48
Текебаев турат го 4-болуп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан