2017-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмү жогорулайт. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайтында маалымдалган. Анда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков "2017-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" жана "пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө" токтомдоруна кол койгону жазылган.
Ошондо 1-октябрдагы жогорулоодон кийин республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 516 сомго көбөйөт жана ал 5517 сомду түзөт. Ал эми биринчи топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун (ПЖМ) көлөмүнөн төмөн эмес белгиленери айтылат маалыматта.