SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бой көтөргөн кыздар..." деген темада автор төмөндөгүчө суроо салган: Кыздар, эмнеге силер өзүңөрдү "дерзкая" алып жүрөсүңөр? Жөн жүргөндө тынч жүрүп, качан балдар жөн эле тийишип койсо, курсуңарды сомдон долларга көтөрүп аласыңар. Кандай түшүнсө болот?
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Хм, сен эмнеге андай деп жатасың? Балким, сен туура эмес тийишип жүргөнсүң? А курсту сомдон долларга көтөрүп алганыбыз, ал жөн гана кыздагы намыс дегендей. Чын чынына келгенде, тээ илгертен баштап эле мырзалар жактырган айымын ээлеп алчу. Андыктан илгерки айымдар да, ага туш келчү мырза эң мыкты болсун деп кыр көргөзүп коюшчу. Бул табият, досум".
"Эми ар кимге жана ар учурда кыздар да ар кандай. Ооба, кээ бир кыздар катуу барктанышат. Бирок кээде кыздар роза гүлүнө окшош болушат. Барктанбайт, бирок жыпар жыты менен эркектерди өздөрүнө тартып алышат да, андан соң тикенектери менен сайып алышат. Ошондуктан жөн гана тикенексиз жеринен кармаш керек же болбосо ошол тикенектерди гүлгө айландыруу эркектердин колунда".
"Калыңы жок кыз болсо дагы, кылыгы жок кыз болбойт".
"Кыздар тикенекпи, кактуспу, балдар, бака жалбыракпы же дагы эмне болбосун чындык мындай: Кудай бизди эркектин кабыргасынан жараткан. Кандай гана аял болбосун (акылдуу, эстүү, сулуу, сулуу эмес) баары бир эркекке көз каранды. Кыздар, таарынбагыла, бул чындык. Бизге чейин эле далилденген мыйзам ченемдүү көрүнүш. Канчалык өз алдыңча болбо, канча акча өз алдыңча таппа, канчалык аларсыз эле жашап кете алабыз деп айтсак да эркектерсиз биз эч кайда бара албайбыз. Эми эркектер, байкуш кыздар бизден көз каранды экендигин моюндарына алышты деп жыргабагыла. Силердин ичиңерде бир кабырга кем болуп же бир күнү сынып калса, элестеткиле, канчалык оор болот. Араңарда "кабыргасыз деле жашаса болот" дегендер чыгар, бирок ал жер өмүр бою ыңгайсыздык жаратып, ооруп өтөт. Жигиттерден кыздар эмнени күтөт? Жигиттер өздөрүнүн кабыргасынан жаралган аялзатын баалап, баркына жетип, сүйүп, сыйлап турушун эле. "Эй, катын, тамак!" деп өзүн ансыз деле алсыз, назик аялзатынан күчтүү сезген эркектер бул сөздөрдү түшүнбөсө, мен таң калбайм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.