Түркиядагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Түркияда туристтерди ташып бараткан автобус жол
кырсыгына кабылган. Жол кырсыгы Анталия-Кемер унаа жолунда болгон. Анда
Ерхан Чивчинин башкаруусундагы автобус жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын ичинде 26 чет элдик турист болгон. Алдын ала маалымат боюнча, туристтердин алтоосу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алардын төртөө Орусиянын жараны болгон.
Ошондой эле кырсыктын келип чыгуусуна аба ырайынын начардыгы себеп болгону айтылууда.