Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызынын абалы дале оор

19-августта жол кырсыгына кабылган бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун 17 жаштагы кызы Аделина Назарованын абалы оор бойдон калууда. Ага кырсык болгон күнү эле операция жасалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Аделина Назарованын абалы оор, эсине келе элек. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алууда. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Азырынча ага кан жетиштүү. Абалы турукташкандан кийин дагы бир операция жасалат. Ошондо дагы кан керек болушу мүмкүн. Ошондуктан кан тапшыра турган адамдар болсо, биз каршы болбойбуз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, аны менен келе жаткан кыз оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azatbek83
2017-08-21 18:57:36
Ошондо мотоциклдеги учкашкан кыз Аделина болуп калабы?Ким болсода Аллахым шыпаасын берсин.
+6
Aidan88
2017-08-22 03:23:08
Jakshy bolup ketsin,
0
admin_superstan
2017-08-22 11:06:26
plaza85, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан