Бишкек. Бүгүн, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган иш-чаралардын тизмеси

Бишкек шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган иш-чаралардын тизмеси жарыяланды.

Мэриянын маалыматына ылайык, шаардын “Ала-Тоо" аянтында саат 10:00дө салтанаттуу иш-чара башталат. Ал эми 11:00дө болсо Өкмөт үйүнүн алдында чыгармачыл адамдардын катышуусунда концерт уюштурулуп, күрөш фестивалы өтөт. 19:00дө эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт болот. 23:00дө болсо майрам фейерверк менен аяктайт.

Ошону менен катар эле майрамдык иш-чаралар шаардын райондорунда дагы өтөрү күтүлүүдө.

Октябрь району

Асанбай кичи районундагы сейил багында 30-августта саат 16:00дө "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" аттуу иш-чарасы өткөрүлөт;

31-август күнү саат 10:00дө "Ата-Түрк" сейил багында бардык шаар тургундары үчүн майрамдык концерт уюштурулат;

10:00-12:00 И.Арабаев атындагы КМУнун стадионунда мини-футбол, волейбол жана жеңил атлетика боюнча жарыштар өтөт;

10:00-14:00 3-4-5-кичи райондордо №17-билим берүү мекемесинин аймагында "Менин Кыргызстаным" аттуу асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулат;

10:00-15:00 Көк-Жар, Алтын-Ордо, Рухий-Мурас конуштарында спорттун улуттук түрлөрү боюнча сынактар уюштурулат;

11:00 Д.Асанов атындагы жеңиш багында "Аралаш-Fest" маданият фестивалы өткөрүлөт;

11:00-14:00 6-7-кичи райондорунда көчө командалары спорттун бир катар түрү боюнча сынактар өтөт.

Ленин району

10:00 "Фламинго" сейил багында балдар үчүн майрамдык иш-чаралар уюштурулса, "Фучик" сейил багында спорттук таймаштар өткөрүлөт;

12:00-16:00 Т.Сатылганов атындагы филармония менен жаштар аллеясында майрамдык концерт жана айкидо, самбо, дзюдо, күрөш боюнча таймаштар өтөт.

Свердлов району

10:00 "Учкун" кичи району менен "Дордой" конушунда балдар үчүн спорттук таймаштар болот;

11:00 Чыгыш-5 кичи району менен Келечек конушунда спорттук беттештер өтөт. Ошондой эле "Красный строитель" конушунда "Кыргызстаным" аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлөт;

Биринчи Май району

10:00 №36-орто мектептин аянтында мини-футбол, аркан тартыш жана баскетбол оюндары өткөрүлүп, концерт коюлат;

10:00 №78-орто мектептин аянтында улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү менен мини-футбол уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан