Индияда салтка айланган таш ыргытуу фестивалында 500дөй адам жабыркады

Индиядагы таш ыргытуу фестивалында 462 адам жабыркады. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, алардын ичинен 10 киши катуу жаракат алып, оор абалда.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, индиялыктардын бул эски салтын уланткан фестивалдын катышуучуларын көздү ачыштыруучу газ чачып таратууга туура келген.

Фестивалга топтолгондор полициянын, медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасын да таш менен талкалоого үлгүрүшкөн. Мындан тышкары алар бири-биринин ден соолугуна кооптуу жаракаттарды келтиришкен.

Адамдардын бири-бирин көздөй таш ыргытуу фестивалы Индияда жүздөгөн жылдардан бери уланып, салтка айланып калган. Пандхерна жана Саваргаон кыштактарынын жашоочулары Жаан дарыясынын эки жээгине туруп алып таштарды бири-бирин көздөй ыргытышат. Ар бир айылдын жашоочулары жээкке өздөрүнүн командасынын желегин илип коюшат. Кайсы команда урулган таштарга карабай атаандашынын желегин алып кетсе жеңүүчү деп саналат.

Жергиликтүүлөрдүн айтуусуна караганда, мындан 300 жыл мурун Пандхерна кыштагынын башкаруучусу Саваргаон айылынын башчысынын өтө сулуу кызы бар экенин билет. Мындай сулууга жетүү үчүн ал Жаан дарыясын кечип өтүп, ашыгын уурдап кетет. Бул тууралуу саваргаондуктар билип калып, кызды уурдап бараткан адамды кууп жетип, таш менен урушкан. Пандхерна айылынын башчысы менен кошо келген жигиттер менен кыздын айылдаштары таш менен куралданышып, мушташ таш атышуу менен жүрөт. Канча каршылыктар болбосун, Пандхерна кыштагын башкарган жигит ашык болгон бийкечин айылына алып кеткен. Ошондон тартып бул окуяны эскерүүнү максат кылган индиялыктар жээктен жээкке таш ыргытууну салтка айланткан.

Таш катуу тийген адамдар жаракатынан кээде майып болуп калса, өмүрү кыйылгандар да кездешет. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик мындай фестивалдарды токтотуу аракетин көрүп келет. 2000-жылы анын катышуучуларына резина шарларын колдонууну сунушташканы менен, ушул күнгө чейин жалаң таш эле колдонулуп келет.

Индияда таш ыргытуу фестивалынан 500дөй адам жабыркады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Batma08
2017-08-23 10:24:18
Не деген салт болду эми.. тооба
+7
KIPCHAK-KALMAK
2017-08-23 10:34:59
Жахилизм!
+6
aibars
2017-08-23 10:41:43
Ошондой эмнеге жиндидей болуп журушот десе, баштарына таш тийип келет экенда 100 жылдан бери.
+14
dina
2017-08-23 10:45:43
aibars,хаха)))
+4
aerforce
2017-08-23 10:44:35
ХХХХ ушуларда сууга зар болушуп журот бирок палиттер таштыда сууга ыргытат сөөктүда сууга ыргытат ошол сууга кир жуушат Кыргызда бекеринен макал жок суу кордогон кор болот суу сыйлаган зор болот дейт ошол учун сууду сыйлайлы
+11
Sabyr_Baymatov
2017-08-23 11:16:16
aerforce, Туура айтасыз. Негизи индустар менен мамиле түзбөөнү туура көрөм.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан