Ошто курулуш иштери боюнча талаптарды аткарбаган ишканага 100 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Асман Трейдинг" унаа тетиктерин сатуу жана оңдоочу жайы инспекциянын койгон талаптарын аткарган эмес. Андан сырткары курулуш иштерине болгон уруксат кагаздары болгон эмес.
"Инспекторлор тарабынан акт, протокол толтурулуп, административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 477-беренесинин негизинде "Ош тейлөө курулуш" акционердик коомунун директоруна 100 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Учурда коюлган айыпты мамлекеттин казынасына өндүрүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат. Талаптары аткарылбаса материалдар сот органдарына чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.