"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Өзгөндөгү Тажиниса Турдубаева атындагы мектептин дааратканасы жыл сайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт" дейт мектептин жетекчиси

Өзгөн районундагы №27-Тажиниса Турдубаева атындагы мектептин ажатканасы кооптуу абалда экенин SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман кабарлаган эле. Бул боюнча аталган мектептин директору Үсөн Сатыбаев даараткана жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөөдөн өткөндүгүн кабарлады.

"Мектептин дааратканасынын абалы ар дайым биздин көзөмөлдө. Даараткана мектеп курулган жылы салынган, андан кийин - 2016-жылы кошумча дагы бир даараткана курдуртканбыз. Үйлөргө даараткананын жыты барат деп жазышыптыр. Мектептин айланасындагы үйлөр дааратканадан алыс. Даараткана жыл сайын жаңы окуу жылынын алдында оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлөт. Бул жылы да толугу менен оңдоодон өттү", - деп айтылат Сатыбаевдин маалыматында.

Буга чейинки билдирүүдө: "Курулганына жарым кылым болгонуна карабай бир да жолу оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Күн ысыгандан баштап айланасындагы үйлөргө жагымсыз жыт таркайт. Кара-Суудагы бир нече адамдын өмүрүн алган ажаткана окуясы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт", - деп жазылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azamat85
2017-08-30 18:02:03
менин оюмча бул даараткана таза эле болуп туратко, сырдаганда бир аз шалаакылык кылышыптырда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан