Экотехинспекция: "Таласта чек арачыларга салынган турак жайга сапатсыз кыштар пайдаланылгандыктан курулуш кайра бузулду"

Талас шаарында чек ара кызматкерлери үчүн салынып жаткан көп кабаттуу турак жай сапатсыз кыш менен курулган. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пайдаланылган кыштардын арасында жараксыз сапаттагы кирпичтер болгондуктан курулуш буздурулуп, сапаттуу курулуш каражаттарын пайдалануу талабы коюлган. Атайын лабораториядан өткөргөндө пайдаланылган кирпичтин сапатсыздыгы аныкталган.

"Мыйзамсыз иштер токтотулуп, акты, протоколдор толтурулду. Ал эми куруучу ишкананын өкүлдөрүнө административдик айып салынган. Аталган курулуштун жүрүшүн инспекторлор толугу менен көзөмөлгө алууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы куруучулардын баарын сапатсыз курулуш каражаттарын колдонбоого чакырып, мындай учурда кооптуу абал жаралышын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kai42444
2017-08-23 09:58:58
Кыргызтан онолуп атканга биринчи кадам ушинтип башталат башка жердеги курулуштарды да ушинтип текшеришсе кана ушундай алдал менет менен иштеген адистер кобойо берсин...
+3
BarsBaatyr
2017-08-23 10:36:19
Текшергени бир тыйын эгер эч ким жооп бербесе.Сапатсыз кургандар жооп береби?Кеп ушунда.
0
PatriotKG01
2017-08-23 12:46:40
Шайлоого чейинки показуха.
0
Kuba-savai87
2017-08-24 01:27:42
Кирпичтин сапаттуу же сапатсыз экенин кантип текшерсе болот айтайын дегеним азыркы учурда карапайым калк кирпичтин сапатсыз же сапаттуу экенин билбей эле уй курууда. Ошол жонундо маалымат берип койсонор жакшы болмок
0
admin_superstan
2017-08-24 10:30:21
Kuba-savai87, Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан