Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарды 65 доллар айып пул төлөтүү пландалууда

Казакстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткандарды 65 доллар айып пулга жыгуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул норманы Дин ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга киргизүүнү Дин иштери жана жарандык коом министрлиги сунуштоодо.

Министрлик ар кандай диний ишенимдеги жарандардын эмдөөдөн баш тартуусу Казакстандагы негизги көйгөйлөрдүн бири болуп баратканын белгилеген. 2016-жылы эле 9 миң 500 ата-эне балдарын эмдеткен эмес. Алардын жарымы бул кадамдарын диний ишенимдери менен түшүндүрүшкөн.

Жаңы мыйзам долбоорунун башка нормаларына ылайык, жашы жете элек балдарды ата-энелеринин уруксатысыз өз ишмердүүлүгүнө тарткан диний бирикмелер 680 доллар айып пулга жыгылат. Казакстанда диний билим алгандан кийин гана башка чет өлкөлөрдө бул багыттагы окуусун улантса болот. “Деструктивдүү идеологиялык агымдарга” таандык тышкы атрибуттарды колдонууга, маселен, кийимдерин кийүүгө тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан