"Сентябрь" телеканалы канча күндүн ичинде жабылышы керек экени белгилүү болду

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун "Сентябрь" телеканалынын ишине тыюу салуу боюнча чечими күчүнө кирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына аталган соттон билдиришти.

Маалым болгондой, бул чечим боюнча апелляциялык даттанууга 3 күн берилет. "Учурда телеканал иштеп жатат. Эгер 3 күндүн ичинде даттануу берилбесе, телеканал жабылышы керек", - дешти соттон.

Ал эми "Сентябрь" телеканалынан билдиришкендей, алар шаардык сотко райондук соттун чечими боюнча даттануу менен сөзсүз түрдө кайрылышат.

Айта кетсек, кечээ, 22-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Сентябрь" телеканалынын ишине тыюу салуу боюнча чечим чыгарган. Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, 2016-жылы 29-сентябрда Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалынын түз эфиринде Абдылда Капаров аттуу жаран (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айткан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура телеканалды жабуу суранычы менен сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nemo2016
2017-08-23 11:17:18
Атамбайев жап дедиби унчукпай жапкыла
-4
Jyrgal8
2017-08-23 11:29:31
nemo2016 сенда унчукпа ГКНБ повестка жонотуп журбосун
+8
tular
2017-08-23 11:55:41
Причеи тут Атамбаев... Бироо айткандай, эми тоок тукум туубай калса дагы Атамбаев куноолуу болобу...
-8
Begmat1992
2017-08-23 12:02:18
Улуттук биринчи каналды жабыш керек элге берген косотулоорунун 99% жалган
+14
take.kg86
2017-08-23 12:24:19
Бийлик элдин кыжырын кайната турган иш жасап жатат мындай бийликтин элге кереги жок кудай урсун ошол бийликти 6 жыл отуруп көрүнүктүү деле иш жасашкан жок аллах жазасын берсин амииин
+9
Kubat.karagulov
2017-08-23 14:02:36
Мындай кысым Акаевдин,диктатор деген Бакиевдин убагында да болбосо керек
+3
Ma9
2017-08-23 14:09:14
Текебаев бутуп Эми сентябр каналына отунорбу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан