Алты баланын энеси: "Жолдошум ичкиликке берилип таштап кеткен. 1,5 жаштагы балам менен талаада жалданып иштейм"

Бишкекте жашаган 6 балалуу Надира Утанова жолдошу ичкиликке берилип кеткендиктен, балдарын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыздоодо кыйынчылыктар көп болуп жаткандыгын бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына айтып берди. Кичинекей 6 бала менен оор күндөрдү баштан кечирип жатканын айткан 31 жаштагы келин буларга токтолду: "18 жашымда турмушка чыгып, жолдошум менен 11 жыл чогуу жашадым. Ал акыркы убактарда спирттик ичимдиктерди көп ичип, мага жана балдарына кол көтөрө баштады. Үйдө күн сайын жаңжал болгондуктан балдарым коркок болуп, аң-сезимине терс таасир берип жатты. Аргасыздан ажырашууга туура келди. Жакында эле кыздарымдын бирин унаа сүзүп кетти. Атасы келип анын абалын сураганга жараган жок".

Надира Утанова Лейлек районунун тургуну. Ал Токтогул районунун жашоочусуна турмушка чыгып, 2 уул 4 кыздуу болушкан. Айтымында, кайын журту аларга жардам бербейт. Учурда бул үй-бүлөнүн эч жерде каттоосу жок болгондуктан мамлекеттен 6 баласына жөлөк пул да берилбейт.

"3 айлык кош бойлуу кезимде жолдошум ичип, чегип тескери жолго түшүп кетти. Азыр мага бир туугандарым да жардам бере албайт. Алар да менин турмушумдай жашоодо жашашат. Азыркы учурда эжелерибиздин үйүндө жашайм. Жалданып иштеп, капуста, кулпунай терип күнүнө 300-350 сом акча табам. Кээде кошуналардын үйүн актап, короосун шыпырып азыраак акча табам. Жумуш издеп чыкканда 1,5 жаштагы баламды 6-класстагы балам карап калат. Жакында окуу жылы башталганы жатат. Балдарыма кийим сатып алууга акчабыз жок. Өткөн жылы мектеп жашындагы балдарым ар кимдин эски кийимдерин кийген.Турмушубуз оорлошуп жатат. Кыш келсе кандай күндү көрөбүз, билбейм", - деп кошумчалады каарманыбыз Утанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Mambetali
2017-08-23 18:20:37
Урматтуу админ. тел.номерин билип бериниздерчи колубуздан келген жардамды берели..
+8
Акназар Сулайманкулов
2017-08-23 18:25:39
0(706) 848 523 Надира Утанованын байланыш номуру
+5
Karaan
2017-08-23 18:44:24
Лейлектиктер жардам берели
+8
grace
2017-08-23 20:44:36
Балдарыңдын багып чоңойтуп алсаң бул күндөр эстен чыгар. Аллам жар болуп жакшы күндөргө туш кылсын.
+7
Omar2011
2017-08-23 21:03:56
Коомдо ушундай терс корунуштор аты очкур арактын айынан келип чыгууда. Алты баласы бар экендигине карабай таштап кеткен эркек кандай эркек? Келиниздер чогулуп кол сунуп, карындашыбызга жардам берели.
+2
aselka79
2017-08-24 00:34:43
Коп жаман нерсе спирт ичимдиктеринин айынан болот. Бизде Кыргызстанда продукты кымбат, арак арзан. Москвада продукты салыштырмалуу арзан, ал эми арак кымбат аябай эле. Бизде да ошондой болсо болмок. Канчалаган уй булолор бузулат ушул арактын айынан. Спирт ичимдиктерине окмот чара корсо, кымбаттатып, кечтен эртен мененки убакытта сатпай деген сыяктуу. Колдон келсе жардам берейин дейсин, бул уй булого. Ииий.(())

+4
aselka79
2017-08-24 00:38:54
Кудайым ушул кичинекей балдар жакшынакай болуп 1сентябрда школго барышына, жакшы турмушта чоноюп кетишине, атасына ыйман берип, арагын тыштап, уй булоосун багып жакшы киши болуп кетишине жардам берчи))))
+3
Aitunuk
2017-08-24 00:40:51
Жеке мүмкүнчүлүктөрүн карабай эле чубуртуп төрөй бергендерге таңмын. Аялы иштебей эле төрөп отурса, мындай оор шартта үй-бүлөсүн кантип багам деп отуруп деле ичип кетсе керек.
-6
Nora
2017-08-24 05:06:54
prezidenttike talapkerlerden ushundai ui bulolordun kelechegine karagan biroo jarym bar beken aa?
0
i-bilim
2017-08-24 07:15:00
Уй шартка да карап бала кутуш керек да!торойт десе эле торой бербей!анан кайра кантип багам билбейм дегендери кызык
-8
Truelensk
2017-08-24 08:09:50
Балдарын аман эсен чонойтуп алса дуйнодо эн бактылуу эне болот.
+2
aika1983
2017-08-24 08:18:40
Карап турсан жашоодо кыйналган уй булолордун балдары коп болот. Ойлонуп бала кутушсо болмок. Баланы болуп калды деп торой берген да болбойт ко дейм. Бир баланы эч нерседен кем кылбай бойго жеткируу керек деп ойлойм. Ошондой мумкунчулук болсо торош керек.
-5
alinurfr8
2017-08-24 09:05:35
ар бир бала озунун ырыскысы менен торолот.. кедейликтен коркуп балдарды олтурбогуло дейт куранда..
+5
ATAIBEKBATURKAN
2017-08-25 14:12:25
Ии байкуштар жардам беришибиз керек го, кыш келсе эмне кылат эми

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан