Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков “Алтай көчмөнү” экспозициясын уюштургандарга сыйлык тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ыраазычылык кат жана саат берилди. 21-22-июлда Ысык-Көл облусунда өткөн “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” эл аралык форуму Атамбаевдин катышуусунда өткөн. Форумга 12 өлкөдөн 150 адам катышкан. Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Курманжан датка көчмөн цивилизация борборунун ачылышы болгон. Бүгүнкү күндө экспозицияга 8 миң 500 адам барган. Экспозиция эксперттер тарабынан жогору бааланган.