Башкы прокуратура “Сентябрь” телеканалынын жабылышы боюнча маалымат таратып, телеканалдын өкүлдөрү коомго туура эмес маалыматтарды таратып жаткандыгын айтты.
Прокуратуранын түшүндүрмөсүндө санарип форматта борбордон чыгып жаткан “Сентябрь” каналы мурда Жалал-Абаддан чыгуучу аналогдук “Сентябрдын” лицензиясы менен иштеп жаткандыгы айтылат. "Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттен, Юстиция министрлигинен алынган расмий документтер муну далилдей турганы көрсөтүлгөн", - деп айтылат түшүндүрмөдө.
Эске сала кетсек, 22-августта Биринчи Май райондук соту “Сентябрь” телеканалына карата прокуратуранын доо арызын канааттандырып, аталган каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында, Ош ОИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун түз эфирдеги сүйлөгөн сөзү негиз болгон.