Аида Салянованын соту эртеӊ уланат

Бүгүн, 23-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумга Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова келген жок. Жактоочунун жардамчысы Жакупбекова Текебаевге карата чыккан чечимди жогорку инстанцияга берүү үчүн даярданып жаткандыктан отурумга келүүгө убактысы болбой жаткандыгын айтты.

"Биз кечээ Текебаевге карата соттук протоколдорду алганбыз. Ал жерде 347 барак материал бар. Азыр соттун протоколдору менен биздин протоколдордун ортосунда айырмачылыктар чыгып жатат. Бул айырмачылыктарды карап чыгууга мыйзамда болгону 3 күн убакыт берилет экен. Ошондуктан жактоочу Жакупбекова 3 күндүн ичинде 347 баракты карап чыгышы керек болуп бул жакка келе албай калды", - деди жактоочунун жардамчысы.

Аида Салянова соттук отурумду жуманын аягына же кийинки дүйшөмбүгө дайындоосун суранды. Мамлекеттик айыптоочулар жактоочунун сотко бүгүн экинчи ирет келбей калганын айтып, ишке мамлекеттик нөөмөттөгү жактоочу чакырууну өтүндү. Сот прокурордун бул өтүнүчүн ачык калтырып, отурумду эртең, 24-августка калтырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан