Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн жана Курман айт майрамын белгилөө үчүн даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Бишкек шаардык мэриясынан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын базасында жамгырдан калкалоочу 20 даана чатыр даярдалган. Эгер майрам күндөрү жаан жааса даяр чатырлар пайдаланылат.
"Бул күндөрү шаардын борбордук бөлүктөрүнө таштанды ташталчу кошумча 20 контейнер коюлат. "Тазалыктын" жумушчу тобу 2 күн катарынан эртеден кечке нөөмөттө болот. Буга байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарды жана конокторду муниципалдык мүлктөргө аяр мамиле жасоого, таштандыны атайын чакага таштоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы 31-августта, Курман айт майрамы 1-сентябрда белгиленет.