БШК чогула албай, саат 15:30да башталчу отуруму 18:00гө жылдырылды

Бүгүн, 23-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму 2,5 саатка жылдырылды.

Иш-чара саат 15:30да башталмак, бирок комиссиянын 6 мүчөсү гана катышып, кворум болгон жок. Кворум болуу үчүн 7 мүчө катышуусу керек. Жыйынтыгында отурум саат 18:00гө жылдырылды. Муну БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ар кандай себептерден улам калган мүчөлөр отурумга келе албай жатканы менен түшүндүрдү.

Айта кетсек, бүгүнкү отурумда 9 маселе каралмакчы. Ошондой эле бир президенттикке талапкерди каттап, ага күбөлүк берилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-08-23 16:55:15
Журо бергиле, анан кеч келип иш бутту деп кайра таркайсынар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан