Ханзаада Гарри апасы Диананы өлүмү алдында сүрөткө тарткандарды күнөөлөдү

Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри апасы ханбийке Диананы өлүмүнүн алдында, кырсыкка кабылар замат сүрөткө тарткандарды күнөөлөдү. Бул тууралуу америкалык басылмалар бүгүн, 23-августта жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал "Диана: 7 күн" аттуу даректүү тасмага тартылып жатып төмөндөгүлөрдү айткан.

"Апам жол кырсыгына кабылганда башынан катуу жаракат алган, бирок тирүү болчу. Кырсыктын келип чыгышына күнөөлүү адамдар ага жардам бергендин ордуна сүрөткө тартышкан".

Ханзаада апасынын өлүмү тууралуу кабарды угуу ал үчүн аябай оор болгонун кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 1997-жылы 31-августта Парижди көздөй автоунаа менен келе жаткан ханбийке Диана жана анын досу, ишкер Доди Аль-Файэд экөө күтүүсүз жол кырсыгына кабылып, өмүрү менен кош айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан