Аксыда аскадан кулап аман калган окуучу кыз оор жаракат албагандыгын дарыгерлер билдиришти

Аксыда аскадан кулаган 4 аялдын арасынан жалгыз аман калган окуучу кыз оор жаракат алган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 23-августта Аксы аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Нурмамат Наралиев билдирди.

"Оор жаракат алган эмес, сынган жерлери жок. Болгону баш мээси бир чайкалып, денесинин терилери сыйрылган. Учурда оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жатат. 3-4 күндүн ичинде ооруканадан чыгарылат", - дейт Нурмамат Наралиев.

Эскерте кетсек, 20-августта Аксыда кожогат тергени барган төрт адам аскадан кулап, үчөө каза болуп, 12 жаштагы кыз жалгыз аман калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан