Өзгөн шаарында 526 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерине 71 миллион 200 миң сом каралган. Капсула салуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин депутаты Надирбек Каримов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышышты.
"Учурда Ош облусунда жалпы 150гө жакын социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат. Ал эми Өзгөн районунда 39 мектептин курулуш иштери жүрүүдө. Жыл аягына чейин 6 мектеп пайдаланууга берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.