Ушул жылдын 16-18-август күндөрү Лейлек районунда "Кайырчы" жана "Түнкү өспүрүм" аталышындагы рейд жүрдү. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, иш-чаранын максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы ыкчам кырдаалды оңдоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо.
"Рейддин натыйжасында Лейлек районунун аймагында жашаган 24 өспүрүм түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок өз алдынча көчөлөрдө жана интернет клубдарда жүргөнү аныкталды. Андан тышкары рейд учурунда базарларда өз алдынча соода-сатыкка аралашкан 18 өспүрүм аныкталып, кароосуз жүргөн 6 өспүрүм табылган. Аныкталган фактылар боюнча өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине чара көрүү үчүн чогултулган материалдар Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилди", - деп айтылат маалыматта.