SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Илбирсти сактайлы" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: sport_lover)
Бул видеодо Кыргыз эстрада жылдыздары ак илбирсти сактоого чакырышкан. Анда "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ростислав Ященко, Инстаграмда атактуу болгон Айжан Асемова, белгилүү ырчылар Мирбек Атабеков, Юлия Руцкая жана Айыма Айылчиеваны көрүүгө болот.
Аталган ролик адамдарды илбирстердин өлүп жок болуусуна көңүл бурууга үндөп, 24-25-августта Бишкек шаарында өтө турган илбирсти сактап калуу боюнча эл аралык форумга арналган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.