"Боко харам" радикалдык уюму жарым жылдын ичинде 83 баланы жардырууга пайдаланган

Ушул жылдын биринчи жарымында "Боко харам" радикалдык тобунун согушкерлери теракт жүргүзүү үчүн 83 баланы пайдаланган. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга караганда 4 эсеге жогору экендигин Life.ru сайты ЮНИСЕФтин маалыматына таянуу менен жазып чыккан.
Маалыматта айтылгандай, террористтердин балдарды ар кандай согуштук аракеттерге пайдалануусунун дагы башка кесепеттери бар.
"Туткундан куткарылган же "Боко харамдан" качып кеткен балдар кайрадан эч качан коомго аралаша албайт. Анткени алар кайра өздөрү мурда жашаган жерге келгенде аларды коом кабыл албай, бөлүп, аны коркунучтуу адам катары көрүшөт. Балдар туткундан кийин да чоң азап тартат. Жардыруулардын бирине топтун согушкерлери кичинекей кыздын колуна мина коюлган ымыркайды карматып жөнөтүшкөн", - деген БУУнун балдар фондунун маалымат катчысы Марикси Меркадо.
"Боко харам" - нигериялык радикалдык уюм. Уюмдун максаты - Нигериянын бардык аймагына шариат принциптерин жайылтып, батыштын жашоо образын жок кылуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bema_bema
2017-08-24 10:43:05
Ушинтип шарият орнотпой ХХХХ.Бир келген жашоодо ар ким озу билгендей жашап отот.Мусулмандын масксасын кийген жанкечтилер.Кичинекей периштелерди ошентип кыйнасанар силерге дагы наркы дуйнодо андан откон кыйноо бардыр.Аллахым жазанарды берсин ХХХХ.
+3
admin_superstan
2017-08-24 12:02:55
bema_bema, этика нормаларын сактаңыз.
-1
kalpak.kg92
2017-08-24 10:56:05
Мохаммед Юсуф ал олгон 30 июля 2009 жыл
Абубакар Шекау Азыркы лидер "Боко харам"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан