Казакстандын Астана шаарында 21-27-август аралыгында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда бүгүн, 24-августта Кыргыз курама командасы Тажикстан улакчылары менен күч сынашат.
4-тур: Кыргыз курама командасы - Тажикстан курама командасы.
Башталышы: Бишкек сааты боюнча 15:00.
Маалымдай кетсек, Кыргыз курама командасы 3 турдун жыйынтыгында 3 жеңиш менен алдыда келе жатат. Кыргыздар 21-август күнү Монголия курамасы менен улак тартышып 4:0 эсебинде, 22-августта Өзбекстан оюнчуларын 11:2, 23-августта Түркия курамасын 13:3 эсебинде утуп, жеңишке жеткен.
Аталган мелдеште Азербайжан курамасы катышпай калгандыктан жалпы 11 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз оюнчулары "А" тайпасына туш келип, Өзбекстан, Түркия, Монголия менен беттешти. Эми Тажикстан жана АКШ курамалары менен кез келет.
3 турдун жыйынтыгында "А" тайпасынын турнирдик жадыбалында Кыргыз курамасы лидер болуп алдыда келе жатат. Ал эми "В" тайпасынын сап башында үй ээлери Казакстан курамасы турат.
"А" тайпасы:
Кыргыз курама командасы — 9 упай;
Тажикстан курама командасы — 9 упай;
Монголия курама командасы — 6 упай;
Түркия курама командасы — 3 упай;
Өзбекстан жана АКШ курама командалары — 0.
"В" тайпасы:
Казакстан курама командасы — 9 упай;
Кытай курама командасы — 6 упай;
Орусия курама командасы — 3 упай;
Венгрия курама командасы — 3 упай;
Ооганстан курама командасы — 3 упай.