Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары өзбек курамасын 11:2 эсеби менен жеңип алды.
Оюн учурунда Кыргыз өлкөсүнүн улакчылары мыкты оюн көргөзүп 1-бөлүктө атаандашына 4 улак таштаган. 2-бөлүктө Кыргыз улакчылар атаандашына 7 улак таштаса, өзбек улакчылар ага 2 улак таштап жооп берди.
Оюндун жүрүшүндө Кыргыз улакчылары каршылык көргөзбөй, өзбек командасына улак таштаганга мүмкүнчүлүк түзүп бергенин көрүүгө болду.
Беттештин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы 11:2 эсеби менен жеңишке жетти.
23-августта Дүйнө чемпиондугунун 3-турунун алкагында Кыргыз курама командасы Түркия курамасы менен ойнойт.
Эске салсак, кечээ, 21-август күнү Кыргыз курама командасы Монголия курамасы менен беттешкен. Анда Кыргыз улакчылар атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, биринчи бөлүктө 2 улак таштаса, экинчи бөлүктө дагы 2 улак таштаган. Жыйынтыгында Кыргыз улакчылар 4:0 эсебинде жеңип алган.
Маалымдай кетсек, аталган мелдеш "EXPO-2017" көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат. Анда жалпы 12 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен беттешет.