Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-күнүндө кыз-келиндер арасындагы беттештер өткөрүлөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Мээрим Жуманазарова килем үстүнө чыгат.
Эске салсак, Мээрим Жуманазарова Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалын жеңип алган. Ошондой эле Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда чемпион болгон.
Мээрим Жуманазарованын атаандашы төмөндө:
69 килограммга чейинки салмак ченинде (1/16 финал)
Мээрим Жуманазарова - Насанбурмаа Очирбат (Монголия)