Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт

Финляндиянын Тампере шаарында 1-6-август аралыгында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова жарым финалдык беттеште жеңилип, эми 3-орун үчүн күрөшөт. Бул тууралуу чемпиондуктун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова 67 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, жарым финалда кубалык Юдари Санчезге туш келген. Беттештин жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова 5:2 эсебинде жеңилип калган. Эми Кыргыз балбаны коло медаль үчүн норвегиялык Хедда Хаус менен күрөшөт.

Эске салсак, Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова алтын медалын жеңип чемпион аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан