Абылгазиев: "Боинг кырсыгындагы зыяндын ордун толтуруу маселеси жакында чечилет"

Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы авиакырсыктан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси жакында чечилет.

Бул тууралуу 24-августта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөттө бүгүн Боинг кырсыгында келтирилген материалдык чыгымды Түркия тарапка төлөтүү маселеси талкууланган кеӊешме өтүп, ага тийиштүү мамлекеттик органдардын башчылары катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев мындай дейт: "Мекемелер аралык жумушчу топ жана өкмөттүк комиссия жабыркагандарга жардамдашуу боюнча көп иш жасады. Көпчүлүк жабыркагандардын үйлөрү талкаланып документтери жоголуп кеткен. Аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр, паспорттор, билим алгандыгы жөнүндө аттестаттар, нике күбөлүктөрү берилди. Түркия тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө зарыл болгон документтерди берүүнү артка тарткан башка көйгөйлөр да болду. Ага карабай мамлекеттик органдар ыкчам иш жүргүзүштү. Тезинен медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлдү. "ACT Airlines" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кырсыктан каза тапкандардын жакындары - 34 адам Анталия шаарында эс алып келишти".

Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр аяктаса, өкмөттүк комиссия иш жыйынтыгы боюнча коомчулукка кеӊири маалымат берери айтылды.

Эскерте кетсек, 39 адамдын өмүрүн алган авиакырсык 2017-жылдын 16-январында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
komn47
2017-08-24 11:39:08
Элден жардамга чогулган акчаны ар бирине болуп бербединер алдап ардемкени шылтоолоп.Бар акчаны?ошол акча ар бирине уй алганга жетмек.
+5
kyrgyz.kg83
2017-08-24 11:49:10
Жакынкы арадабы же октябрьдын 15 деби
+5
grace
2017-08-24 11:53:38
Тил эмизип акчаны бербес болду булар
+3
Tunerbei1812
2017-08-24 12:05:20
Абулгазиев деле эч нерсе чече албай былжыраган неме экен. Качан болсо ушул жооп. Жакында чечилет болду.
+3
kayratbek81
2017-08-24 12:33:56
Жомоктор башталдыгоо чиркин! Кайран элибиз,ким кунолуу болсо, созсуз жооп берер кун келет.
+2
kenjebek_a
2017-08-24 15:34:21
Жакында чечилет дегени, Текебаев уверенно камалганда чечилет деген эле соз.Камагандан кийин сокур тыйын толобойт бул бийлик.Олгон озунун шору дегендей.
0
almanbetperm
2017-08-24 15:36:58
Ошол бее куноо каза болушкандардын арбагы урсун силерди улуу урматтуу атка минерлер
0
etaj_rus79
2017-08-25 03:24:24
Кыш келе жатат алдыда неге элден чогулган акчаны кармап олтурат булар болуп бербей ал акча элдики мамлекетики эмесэлди алдап канча жашайсынар
+1
bakulya2015
2017-08-26 09:07:53
Шайлоо отуш керек анан беретта шайлоодон ашканын. Же шайлоого жакын уй берип элге жакшы корунумуш болуп иштен кететта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан