Өлкөдө 3 миллиондон ашык жаран биометрикалык каттоодон өткөнү айтылды

Биометрикалык маалымат тапшырган Кыргыз жарандарынын саны 2017-жылдын 24-августуна карата 3 миллион 1 миӊ 286 адамды түздү. Мамлекеттик каттоо кызматынын билдиргенине таянсак, мунун ичинен 70 миӊ 148 жаран биометрикалык маалыматты 2017-жылдын май айынан кийин же жаӊы биометрикалык паспорттор бериле баштагандан кийин тапшырышты.

Алдыдагы президенттик шайлоого карата да биометрикалык каттоодон өткөндөр көбөйгөнү айтылат. Шайлоочулардын тизмесинде жок жарандар маалымат тапшырып башташкан. Шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн жарандар ушул жылдын 30-сентябрына чейин биометрикалык каттоодон өтүшү керек болот.

Белгилүү болгондой, биометрикалык маалыматты жаш курагы 16 жаштан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары тапшыра алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан