Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин айрым мүчөлөрү президентке кайрылышты

Бүгүн, 24-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин айрым мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүшүп, министрликтеги кадр жана каржы саясатындагы кемчиликтерге чара көрүү үчүн президентке кайрылышты.

"Бишкектеги №4-төрөт үйүнүн жетекчисин жумуштан алуу боюнча комиссия мыйзамсыз түзүлгөн. Дагы бир мисал Араван районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы мыйзамсыз жумуштан кеткен. Ал соттон утуп кайра кызматына келсе, экинчи ирет жумуштан кетирип жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы да мамлекеттик кызматта иштебей туруп, чоң кызматта отурат. Мыйзам боюнча ал кеминде 7 жыл мамлекеттик кызматта иштеши керек. Ал жеке мекемелерде иштептир. Мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы эки жылга да жетпейт.

Мындай фактылар көп. Биз бардык укук коргоо органдарына бул мыйзамсыз аракеттерге баа берүүсүн суранып арыз бергенбиз. Бирок эки айдан бери эч бир мекеме бизге жооп бере элек. Ошондуктан биз министрликтин мыйзамсыз аракеттерине чек коюу үчүн президентке кайрылууга аргасыз болуп жатабыз", - деди Коомдук кеңештин мүчөсү Бактыгуль Жумакулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан