Президенттикке эки талапкер эмне себептен шайлоого катышуудан баш тартканын айтышты

Президенттикке эки талапкер Марат Иманкулов жана Сагынбек Абдрахманов президенттик жарышка катышуудан баш тартышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 24-августта маалымат жыйынында билдиришти.

Иманкулов шайлоого катышуудан баш тартуусун өлкөдөгү саясий кырдаалга байлады. “Мен бул шайлоого катышпайм, бирок саясий ишмердүүлүгүмдү мындан ары улантам. Биздин бийлик эч качан өткөндөн сабак алган жок. Мен бул шайлоонун таза, адилеттүү өтүшүнө ишенбейм. Бул шайлоо эмес, жөн гана саясий шоу болот. Мен өзүмдүн командама, өзүмдүн тарапташтарыма ыраазычылык билдирем”, - деди Иманкулов.

Абдрахманов шайлоодо утарына ишенбегенин айтты. “Кол топтоо учурунда 38 миң кол топтогон болчумун, бирок мен аны БШКга тапшырбайм. Мен миллион сом күрөөдөн качкан жокмун. Мен бул шайлоодон утарыма ишенбейм. Анткени кол топтоо учурунда көрдүк, азыркы систем Кыргыз жеринде миллионерлер, байлар үчүн гана түзүлүп калыптыр”, - деди Абдрахманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
evra_kg
2017-08-24 13:01:19
Туура айтат Бабанов болот симпатия бергендер шайлайта эми азыркы учурга чейин кыйратпады президент болсо эле кыйратмак беле
+4
Tolkun555
2017-08-24 13:31:37
Мадумаров болот куда кааласа
+8
_adil_
2017-08-24 14:23:13
Мадукен кыйратпайтго
+1
muslim87
2017-08-24 14:44:16
Төрт иликтин бирин шайлаш керек ошолордо ишенич бар калганы аман болушсун. Жапаров да төрт илике кошулуп моралдык жардам кылса жакшы болмок
+4
Muratmipa
2017-08-24 15:50:16
muslim87,сен мен шайлай беребиз бирок Сооронбай болот пример Бабанов болот мени айтты деп кое бергили коросунор
-2
TazaKyrgyz
2017-08-24 22:33:36
Muratmipa,Эмне болсо да16 октябрда билинет.Бирок мен айрым адамдарга тушунбойм эмне себептен оз ойлорун тануулашат.Мисалы Мадумаров болот тиги болот бул болот деп.Мен деле бир кандидатты жактырам бирок эч убакта баланча президент деп тануулабайм да.Оюнарды айткыла бирок кичине маданияттуураак болсонор
+1
Janusia
2017-08-24 14:45:11
Бул талапкерлер кимдер?
+4
Miroslav
2017-08-24 21:20:24
Салахидинованын ээри эмне болду?кичинееесинен бери призидент болсом дейт экен эле,кандидатурасын алдыбы же миллион издеп журобу???
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан