Бишкекте жапайы канаттууну мыйзамсыз кармагандар кармалды

Бишкекте жапайы кушту мыйзамсыз кармагандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте шаардагы унаанын бирин токтотуп текшерүүгө алган учурда атууга жана кармоого тыюу салынган куш табылган.

"Кармалгандар канаттууну Ош облусуна алып бара жатышкан. Алар териштирүү учурунда Ысык-Көлдөн белгисиз адамдан сатып алдык деп билдиришти. Жеринде инспекторлор тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, куш Жаратылышты коргоо уюмуна өткөрүлүп берилди. Учурда ал канаттууну аныктоо үчүн Илимдер академиясына атайын кат жиберилди. Ал эми милиция кызматкерлери окуяны иликтөөдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-08-24 19:06:44
Сатып койгон окшойт . Же кокусунан попал болдубу ?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан