Бекназаров анын Ташиев менен сүйлөшүүсү делген аудиожазуу боюнча түшүндүрмө берди

Бүгүн, 24-августта маалымат жыйынында саясатчы Азимбек Бекназаров анын Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүүлөрү делген интернетке тараган аудиожазуу монтаж экенин айтты.

“Акыркы 10 күндө Текебаевдин сотунан кийин аудио, видеожазуулар пайда болду. Мага бир канча сын пикирлер айтылды. Мен жооп бериш үчүн келдим. Ташиев менен Бекназаровдун сүйлөшүүсү делген аудио - бул монтаж. Мен Ташиев менен отуруп жекеме жеке сүйлөшө элекмин. Акыркы жолу аны менен Текебаевдин сотунда жолуккам. Отуруп сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк боло элек", - деди Бекназаров.

Мындан тышкары ал Текебаевдин сотунда калп айтпаганын, 10 жылдан кийин да ушул көрсөтмөсүн айта аларын айтты.

Эскерте кетсек, 13-август күнү интернетке Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин үнүнө окшош адамдардын Өмүрбек Текебаевдин сотундагы көрсөтмөлөрү тууралуу чай үстүндө сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tunerbei1812
2017-08-24 15:30:06
Бул монтажга бийликтен башка эч ким кызыктар эмес. Ундору деле окшошпой калган.
0
kechirmeni
2017-08-24 15:41:20
куудул пародисттер иштешиптир да. Озундой кылып туурашат го
+5
ZHYRGAl1412
2017-08-24 17:35:41
Анда видео жазуучу ал дагы монтажбы бкл жонундо айтпаптырго
-3
Shekeev969798
2017-08-24 18:10:47
Эч канжай мантаж эмес оздору Бир топ адамды алдаса болот юирок Элди алдай албайсын (К.Бакиев)
-4
Aitunuk
2017-08-24 19:30:13
Интервью берип жатып ичинен дагы канча жолу "Кудай, кечире көр" деди экен. Тамашоучулар.
0
bakulya2015
2017-08-26 09:05:49
Дагы чукуш башталдыбы? Шайлоого ар нерсе боло берет эми коро албастыкта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан