СУПЕРСТАН: "Баланы эмизүү тууралуу кеңештер"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баланы эмизүү жөнүндө" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Кызым жаңы төрөлгөндөн кийин эле мен катуу ооруп калдым, эмизе алган жокмун. Бөтөлкөсүнө сүт саап берип жүрдүм, эми болсо эмгиси келбей калды. Эмбей жатканына байланыштуу сүтүм азайып баратат. Эмне кылсам болот?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эмизгиңиз келсе:

1. Бөтөлкөнү жоготосуз;

2. Ыйлап ачка болгондо эмчек бересиз;

3. Эмбейби? Күтө туруңуз, анан кайра бериӊиз;

4. Туура эмизүү керек.

Балаңыз көп болсо бир, бир жарым сутка ачка калат, анан көнүшүп кетет. Эгер аны аяп "смесь" бере баштасаңыз, ага бат көнөт. Себеби бөтөлкөдөн тамактануу эмчек эмгенден алда канча оңой жана күч талап кылбайт. Ошого эмизгиңиз келсе, катуу турушуңуз керек".

"Эң кооптуусу, эгер сместин даамын билип алса, бала эмбей коёт. Себеби эненин сүтү андай ширин болбойт окшойт. Бирок эне сүтүнөн өткөн витаминдүү азык барбы? Жогорудагы билдирүүлөргө толугу менен кошулам. Азыртан аракеттениңиз. Бир жаштан кийин аз-аздан эмсе, сүйүнсөңүз болмок. Себеби бала да тамакка аралашып калмак. Сизге да эмчектен чыгарганга алдын ала даярдык болмок. Ушул жерден пайдаланып айта кетейин. Мен да жумушка чыкканыма байланыштуу балам аз-аздан эмип калып жатып, эмчектен оңой эле чыгып кеткенбиз. Сүтүм тартылып, өзү деле алаксып эмгиси келбей калды. Анткени эмчектен толук чыкканда эки жашта эле".

"Балаңыз кичине экен. Биринчиси болсо эмизиңиз. Себеби кийинки балдарыңыз да эмбей коюшу мүмкүн. Эжем иштеп, чоң кызын анча эмизбей калган, натыйжада экинчиси да эмбей койгон. Мен да апамдын бир эмчегин эмбей койгон экенмин, кийинкилерида эмбей койгон".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан