СУПЕРСТАН: "Кычыраган кыштын күнү, калың кардын арасында бизге ооз күйөрлүк ысык болгону эсимде"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баштан өткөн эротикалык окуялар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бир күнү досум "кел доске, жолугалы" деп калды. Мен макул болуп, экөөбүз жолугуп сүйлөшүп отуруп, кызыктуу түндөр жөнүндө сөздөргө кирип кеттик. Ошентип ал ошол кечте болгон окуяны айтып баштады: "Мен адатымча жумушта кечке чейин калып иштеп жүргөм. Кыздарга деле убакытым жок билесиң го, досум. Мени менен Акыл байке жашайт эмеспи. Үйгө келсем анын балдыздары келип калыптыр. Таанышканым деле жок, унчукпай үйгө кирип келе жатып "саламатсызбы?" деп бир айтып киргем. Анан Акыл менен сүйлөшүп отуруп 12ден да өтүп кетиптир, андан соң жаталы деп төшөк салып баштадык. Үйдө көп киши болгондуктан ал кыздар мен жаткан бөлмөгө жатып калышты. Андан соң мен уктап бараткам. Аябай чарчагандыктан арадан канча убакыт өткөнүн билбейм, чочуп ойгонуп кетсем түндүн бир маалы экен. Эсиме келип карасам, колумдан кармалап, анан мени карап атымды сурады. Мен атымды айтып андан "эмне болуп кетти? Эмнеге уктабай жатасыз?" деп сурасам "сени карап отурам" деп өпкүлөп кирди. Ошол түн эстен кеткис түн болду", - дейт. "Анан калса, мен ал кыздын атын да сурабай калыптырмын. Кап, доске, ал кыз кайда жүрөт болду экен, кызык" деди да, күлүп бир топко отурду".

"Алыскы Сибирде болгон окуя. Кычыраган кыштын кечи эле. Ал күнү башка жатаканада жашаган жердештериме конокко жөнөгөм. Жатаканадан чыгып троллейбустун аялдамасына жакындап калганымда жоон топ орус кыздар алдымдан чыгып, жол талашып калдык. "Эй, ташкенттик чувак, жолду бошот" деген ак шубачан кыз бура бастырбай жолумду тороду (көздөрү тимеле балбылдайт). Бир саамга эмне дээримди билбей дендароо болуп калдым. Бирок артка жол жок эле (намыс жол бермек эмес). Жолду айыгышкан салгылашуу менен гана бошоторумду сезерим менен ал кызды кучактап өзүмө тарттым. Мындайды таппай эле турганбы, "шайтан кыз" эриндери менен эрдиме жабышты. Экөөбүз өбүшкөн бойдон калың күрткүгө кулап түштүк. Эриндери ып-ысык экен. Айланадагынын баарын унутуп, эс-мас абалда калдык. Жанындагы кыздар болсо, тигиге болушкандын ордуна тимеле кино көрүп жаткансып "ии, кана-кана" деп жаалашат. Жолдон өткөн адамдар да таңыркап карап калышты. Аны жерден так көтөрүп, мектептин далдаасындагы калың карга көтөрүп бардым. Ошондо да эриндерибиз жабышып калгансып ажырабайт. Бири-бирибизге магниттей жабышкан бойдон катып калдык. Ошол көз ирмемде дүйнөнү топон суу каптаса да бизди кызыктырбайт эле. Колдорум колготкисине жармашып, анысын сыйрый баштасам да такыр каршылык көрсөткөн жок. Ошентип кычыраган кышта, калың кардын арасында бизге ооз күйөрлүк ысык болгону эсимде".

Окуяларыңыз менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ZHYRGAl1412
2017-08-26 20:46:39
Этият болдо тукумчиктерге суук откоруп алба
+2
Hadyja
2017-08-26 21:41:39
Негизи,жашоодогу мындай учурларды ачыка чыгаруу чон куноолорго кирет.
Уят!Кудайым жашырган нерселерди ачыка чыгаруу жакшы эмес,бул жазылган нерселердин сурагы болот.
Кудайдан Коркууга чакырам.
Себеби,уйундун эшигин бироо андыса,коз ошол маалда саыйп салсан куноокор болбойсун,козу корбой калса.Ошондуктан сыр нерсе боло турган нерсени ачыка чыгарбагыла,туугандар.
Ачыка чыгышына себеп болгон адамга да куноо болот.
Ошондуктан адамга эмес,Кудайга Жаккан иш мн алектенсек
+4
asha302
2017-08-26 23:43:26
Hadyja, Сенин бул жакта эмне ишиң бар? Билген жагыңды окуй бер да, мурдуңду күнөөгө тыкпай
-7
Aidani
2017-08-27 01:37:24
Оля биздин эркектер деле орустар менен журот турбайбы зинкилдешип, анан дагы кыздарды айтышат
-2
Kumarchik
2017-08-28 11:46:25
Декламация айткандай болуп эле калыптырго кичине окшоштурсанар экоонордуку тен калп тааныбаган эле кыздар оздору жабышып тем более бироосу орус
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан