Бишкек ШИИББи: "Шектүү буюм көрсөңөр дароо милицияга кабарлагыла"

Өлкөдө 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрда Курман айт майрамы белгиленет. Буга байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы борбор шаарда 29-августтан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаарын кабарлады. Бишкектеги коомдук коопсуздукту 2200 укук коргоо кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылды.

Коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүндө автоунаа кыймылына чектөө киргизилет. Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрү жана Эркиндик бульвары Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин жабылат.

"Шектүү, ээси жок буюм тапкан учурда (көчөдөн, унаадан, коомдук жайлардан) аларды кармоого, ачып көрүүгө же ордунан жылдырууга кескин тыюу салынат. Тезинен 102 номери аркылуу милицияга маалымдоо керек", - деп билдирет Бишкек ШИИББи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
pyeon hwa
2017-08-25 10:22:08
Эгер коруп калып чакырсам, анан сумканын ичинде жон еле таштанды болуп калса, иш козгоп салсачы калп айттын деп
+11
R_u_S
2017-08-25 10:37:15
pyeon hwa,калп айтың деп иш козгосого мейли, ошол жерден каратып туруп паара алдың деп иш козгоп жиберсе көрүпсүнда)))) азыркыларга ишенич жок
+7
Aitunuk
2017-08-25 11:38:49
Комменттерди окусаң эле негативдүү пикирлер. Адамдардын пейилинин, дилинин карарганына таң болосуң. Анан кантип өсөбүз. Кыргызга сырттан душмандын кереги жок, бири-бирин көрө албай жатып эле өспөйт.
-2
R_u_S
2017-08-25 12:38:45
Aitunuk,канча аракет кылсакда жаманды жакшы деш кыйын экенда, өзүң деле билсең керек булардын кылыктарын.
+4
aibars
2017-08-25 12:10:43
Айчурок соода борборунда бомба бар деп билдирген баланы камап салдыго, калп айттын деп.
-2
aydinnur
2017-08-25 16:22:21
Ойду,пейилди,оозду оңдогулачы "момун мусулмандар....
0
Ayida
2017-08-25 17:16:40
Туура айтасын калп эле неге чалдын деп балееге калабыз.Корсокда айтпайбыз
+3
Ayida
2017-08-25 17:17:17
Чындап мусур болуп калса
+2
bakulya2015
2017-08-26 08:58:13
Шектуу инсан бар аны кыргыз эли баары билсе керек ошону айталыбы омур боюга камап салса жакшы болмок. Кыргызстанга женилдик болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан