Бүгүн, 25-августта Бишкекте мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Ак илбирсти жана анын экосистемдерин сактоо" деген темада эл аралык форум өтүүдө. Форумдун жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев ак илбирсти коргоо боюнча чет элдик конокторго ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсүн байырлаган ак илбирстер кыргыз элинин бир бөлүгү экенин айтты.
"Байыркы кыргыз ак илбирске өзгөчө мамиле жасап, кыргыз элинин колдоочусу катары көрчү. Улуу кыргыз каганатынын негиздөөчүсү, биринчи каганыбыздын аты да Барсбек деп бекеринен коюлган эмес. Алтай тектүү элдерден татарлар менен башкырлар да "барс" деп аташат. Байыркы кыргыздар "барс" дебей "ил" менен "илбарс" дешчү. Бара-бара илбирс деп аталып калган. Илбирс ыйык жаныбар! Илбирс элибиздин бир бөлүгү, айланайын кыргыздар, илбирсти аткан өз элин аткан маңкуртка барабар! Илбирстин терисин саткан кыргыз өз жерин саткан акмакка барабар! Кыргыз элинде эч ким, эч качан илбирске кол көтөрбөсүн", - деди Атамбаев.
Андан соң форумга карата Бириккен улуттар уюмунун башчысы Антониу Гутерриштин видеокайрылуусу көрсөтүлдү. Эл аралык деңгээлде Бишкекте өтүп жаткан форумга Ооганстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле 50гө чукул чет элдик журналисттер катышууда.