Болливуд жылдызы Дия Мирза Бишкекте ак илбирсти коргоо форумуна катышты

Бүгүн, 25-августта Бишкекте өткөн ак илбирсти коргоо форумунда индиялык актриса Дия Мирза илбирсти коргоо боюнча петицияны Кыргыз тарапка өткөрүп берди. Болливуд жылдызы: "Дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан миңдеген жарандар жоголуп бараткан ак илбирсти коргоону колдоого алышты. Бул тизмени мындан ары да улантышыбыз керек", - деди. Мирза Болливуд тасмаларында гана эмес Индияда жапайы жаныбарларды коргоо фондунун ыктыярдуу элчиси катары да таанымал. Ал демилгелеген петицияга кол коюуга катышкандардын арасында белгилүүлөрдөн Леонардо Ди Каприо жана Меган Фокс да бар экени айтылды.

Эскерте кетсек, ак илбирсти коргоо боюнча I Эл аралык форум 2013-жылы да Бишкек шаарында өткөн. Глобалдык экологиялык фонддун маалыматы боюнча, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин ак илбирс бар. Анын 250-300дөйү биздин өлкөдө жашайт. Кыргыз өлкөсүндө буга чейин ак илбирске аңчылык кылгандарга 500 миң сом айып пул салынса, жаңы мыйзам боюнча анын көлөмү бир жарым миллион сомго өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2017-08-25 21:45:34
Голливудбу же Болливудбу?
0
-Sumitra-
2017-08-26 00:00:15
madina.87,Болливуд индиядагылар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан