"Реал Мадрид" футболдук клубунун социалдык тармактагы баракчалары хакерлердин курмандыгына кабылды. Башкача айтканда, аталган клубдун Facebook жана Twitter`деги баракчаларына кирген хакер аз убакыттын ичинде бир топ жалган маалымат таратууга жетишкен. Алардын ичинен "Кош келдиң, Месси" деген жазуу менен "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессинин "Реалга" өткөндүгүн жазып, көпчүлүктүн шектенүүсүн жараткан. Арадан бир саат өтпөй бул маалымат өчүрүлүп, "Реал" футбол клубу расмий түрдө алардын социалдык тармактагы аккаунттарын хакерлер бузуп киришкени тууралуу маалымат таратты.
Белгилей кетсек, ушул жумада "Барселона" футболдук клубунун да аккаунту хакерлер тарабынан бузулуп, "ПСЖ" футболдук клубунун жарым коргоочусу Анхель Ди Мариянын "Барселонага" өткөндүгү жөнүндө маалымат чыккан.
Хакер - англис тилинен которгондо "бузуу", "жаратпоо" дегенди түшүндүрөт. Термин интернеттеги бирөөнүн маалыматын уурдаган же бузган адамдарга карата айтылат.