БШК президенттик шайлоого карата дагы 21 талапкерди тизмеден чийди (аты-жөнү)

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта президенттик шайлоого карата 21 талапкерди каттоодон баш тартты. Булардын ичинен 1 талапкер - Сагынбек Абдрахманов өз каалоосу менен шайлоого катышуу оюнан кайтты, калгандары БШКга 30 миң кол топтоо баракчаларын тапшырбагандар.

1. Сагынбек Абдрахманов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы;

2. Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;

3. Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;

4. Замира Муратбекова, пенсионер;

5. Санжар Энназаров, убактылуу жумушсуз;

6. Мукар Чолпонбаев, “Мукар жана профи” юридикалык мекемесинде жактоочу;

7. Игорь Трофимов, "Сергий Радонежский жана "Айкөл Манас" атындагы укук коргоо борбору" компаниясынын башкы директору;

8. Максатбек Жумабеков, убактылуу жумушсуз;

9. Руслан Жунусов, "Шматрица" ЖЧКсынын башчысы;

10. Мирлан Шерикул уулу;

11. Токтобүбү Таласбаева, "Улуу чындык" коомдук фондунун башчысы;

12. Дамира Токтосунова, ЖЧКлардын биринде консультант;

13. Калмамат Мактымбаев, пенсионер;

14. Турат Акимов, "Чоң казат" саясий партиясынын өкүлү;

15. Темиркул Өмүралиев, убактылуу жумушсуз;

16. Полотбек Кенжекулов, "Полот бек" коомдук фондунун президенти;

17. Өмүрбек Бөлтүрүков, "Бөлтүрүк" дыйкан чарбасынын башчысы;

18. Аскарбек Абышев, "Кыргызпромтезнология" ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси;

19. Советбек Абыкулов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде башкы адис;

20. Бакыт Керимбеков, Кыргыз Республикасындагы пауэрлифтинг федерациясынын президенти;

21. Марат Мергенов, адвокат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан