"Сентябрь" каналы "Жалбырак ТВ" болуп өзгөрүлө турганын кечээ, 27-августта "Сентябрдын" имаратынын алдында өткөн иш-чарада SUPER.KG'ге жамааттын жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди.
"Буга чейинки телеге ылайыкталган долбоорлорубузду кайрадан иштеп чыгып, мындан да кызыктуураак тартуулаганы турабыз. Түз эфирлерибиз көп болот. Сот чечимдери жыйынтыкталып, кайрадан телеге кайтып келгичекти биздин көрүүчүлөр үн-сөз жок жоголуп кетти дебесин деп интернет айдыңында иштеп туралы дедик. "Сентябрда" буга чейин чыгып келген программалардан эртең мененки "Ыр белек" гана чыкпайт, калган программалар мурда кандай чыгып келсе, ошондой өңүттө интернетке чыга берет. Кызматкерлер да мурдагы түзүм боюнча эле калып, эч ким кыскартылбайт.
Жаңы каналыбызга ат тандоодо бизге көптөгөн сунуштар келди. Октябрь, ноябрь деген да сунуштар болду. Айылдарда көпчүлүк көрөрмандарыбыз "тиги жалбырагы бар каналга коюп койгулачы" деп айтышат экен да. Анан ошондон улам соттун чечими менен жабылат дегенди уккан эл бизге чалып, "жалбырагыңар эмне болуп жатат?" деп сурай башташты. Кийин жалпы жамаат кеңешип "Жалбырак ТВ" деп атоону чечтик", - деди Урумканова.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген негизде аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ошондой эле мурдагы Ош милициясынын жетекчиси Абдылда Капаровдун каналга берген маегинде экстремисттик маанайдагы сөздөрдү сүйлөгөндүгү кошумчаланган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту прокуратуранын арызынын негизинде 22-августта "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган болчу.