Москвадагы басмаканадан чыккан өрттөн каза болгон 14 кыз-келин эскерилди

2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан "Печатный экспресс” басмаканасынан өрт чыгып, 17 адам каза тапкан. Анын 14ү Кыргыз кыз-келиндер болгон. Каза болгондордун жаркын элеси кечээ, 27-августта басмакананын жанында эскерилди.

Эскерүү митингине каза болгондордун жакын туугандары, айрым активисттер, Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышканын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, алгач 14 Кыргыз кыз-келин каза болгон жерге гүлдөр коюлуп, алардын элесине арналып куран окулду.

Эскерте кетсек, өрттүн келип чыгуусуна жарыктандыруучу жабдыктардын иштен чыгышынан улам жаралган техногендик фактор себеп болгону кабарланган. Ошондой эле имараттын ичиндеги тез күйүп кетүүчү буюмдар өрттүн күчөп кетишине алып келген. Ал эми имараттын түзүлүшү өз алдынча өзгөртүлгөндүктөн жумушчулар сыртка чыга албай калышкан.

Бул “Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин өрт коопсуздугун сактаган эмес деген кине менен күнөөлүү деп табылып 2,5 жылга, башкы инженери Антон Яцков 3,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышкан. Бирок соттун мындай өкүмүнө каза болгондордун жакындары нааразы болуп келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tunerbei1812
2017-08-28 11:19:26
Кайран гана куноосуз шейит кеткендер. Убалынар кимге экен. Акыры бироо жооп берер, эч болбосо кудай алдында.
0
Aitun
2017-08-28 11:23:18
Билинбей коз ачып жумгуча бир жыл отуп кетиптирда. Кайрандарым. Жаткан жеринер жайлуу топурагынар торкоо болсун. Бейиштен жаратканым орун берген болсун.
+2
KGstan1981
2017-08-28 12:22:12
Жайлары жанатта болсун топурактары алтындан болсун!Аллахым бизге ыр ырдаган президенти эмес,элди мигрантарды ойлоп завод фабрикаларды ачкан президент шайлансын.Аллахым бизге хан-сарайларды салган президент эмес,мектептерди бала-бакчаларды салган президент шайлансын.Аллахым бизге жуз грам иче берсе боло берет деген президентти эмес,Кудайдан корккон ыймандуу президент шайлансын.Оомийн.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан