Жогорку Кеңеш бир жылга интернетке 1 миллион сом жумшоону пландап жатат. Бул боюнча тендер Мамлекеттик сатып алуулар сайтына 25-августта жарыяланды.
Мындай көлөмдөгү каражат менен Жогорку Кеңештин административдик мекемеси интернет менен камсыз болмокчу. Мындан тышкары 870 кардарга "Касперски" вируска каршы коргоо программасын 1 миллион 800 миң сомго орнотот. Тендерге катышуу үчүн арыздар 15-сентябрга чейин кабыл алынат.