Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик бюджеттин эсебинен 1304 компьютер сатып алуу үчүн сынак жарыялады. Компьютерлер өлкөдөгү 200 мектепке бөлүнүп берилет. Ага кетчү каражаттын суммасы 30 миллион сом болорун министрликтин маалымат кызматынан 28-августта кабарлашты.
Компьютерлер жаңы жана кепилдик мөөнөтү менен болуусу шарт. 24-августта Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган бул сынак 14-сентябрда аягына чыга турганы көрсөтүлгөн.