Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева интернеттеги социалдык түйүндөгү жеке баракчасына атасынын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу пост илди.
“Мен атамдын жана Өзбекстандын биринчи президентинин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу өз көзү менен көргөн адам айтып бериши керек деп чечтим. 20 жылдан бери эң жакын адамым мен кайгыга чөгүп турганда атамдын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү тууралуу жазган”, - деп Лола курбу кызы Акила Таированын Каримовдун акыркы мүнөттөрү тууралуу жазганы менен улантты.
“Президенттин көзү тирүүсүндө аны менен жолугушкан эмес элем. Студент кезимде аны алыстан спорттук иш-чарадан эле көргөм. Бирок мага анын акыркы мүнөттөрүндө жанында болуу буйруптур. 2016-жылы 31-августта кечинде анын жашоосун сактап калуу боюнча үмүт бар эле. Курбумду колдоо үчүн 1-сентябрда кечинде Ташкент шаарына баргам. Президенттин жанында жубайы Марьям, кызы Лола жана анын улуу кызы болгон. 2-сентябрда саат 9:00 чамасында өзбек маалымат каражаттарында Каримовдун ден соолугу начарлап жатканы боюнча жаңылыктар чыгып баштаган. Лола мага телефон чалып атасынын 2-3 саат өмүрү калганын айткан. Ооруканага барганыбызда, анын денеси катуу ысып жатыптыр. Адам каза болоюн деп жатканда окулчу сүрөөсүн окуу үчүн дин кызматкерлерин чакырышкан. Бул дал келгендикпи билбейм, бирок сүрөөнү окуп баштаганда температурасы 36,5 градуска түшкөн. Баарыбыз ыйлап жаттык, дин кызматкерлери сүрөөнү окуп жатып ыйлаганы үнүнөн байкалып жатты. Бул учурда ал сүрөөнү угуп, кызы жанына барып сүйлөгөнүн сезип жаткандай болду. Ошентип ал 12 сааттан кийин каза болгон".
Андан соң Акила Таирова Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу жазган.
"Лола атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүнү пландап, Самаркандга апасынын жанына көмүү керек экенин айтты. Бир нече жыл мурун президент Самаркандга барганда аялына аны апасынын жанына көмүүнү суранган экен. Эртең менен акыркы сапарга узатуу аземине катышуу үчүн аталган шаарга баруу керек болчу. Мен расмий кортежде баруучулардын катарында болбогондуктан эртең мененки саат 5:00дө аэропортко бардым. Ошол убакта Ташкенттин көчөлөрүнүн баары ыйлаган эл менен толуп туруптур. Саат 8:00 чамасында президенттин балалык чагы өткөн үйгө бардык. Ошол жерден президентке жаназа окулду. Андан кийин коштошуу аземи Өзбекстандын өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттин башчыларынын катышуусунда Самарканддын форумдар мекемесинде уланды. Ошентип президент апасынын мүрзөсүнүн жанына жерге берилди”, - деп эстейт Таирова.