Япониялык геймдизайнер (ред: компьютердик оюндарды иштеп чыгарууга жооптуу болгон инсан) Сатоси Тадзири – бир канча видеооюндардын жана 1996-жылы чыккан “Покемон” мультсериалынын автору. Ал 1965-жылы 28-августта Япониянын Матида шаарында туулган.
Курт-кумурскаларды кубалап кармоо анын бала кездеги эң сүйүктүү жумуштарынын бири болгон. Майда жандыктарды тирүүлөй кармап, аларды чогултуп, кээде достору менен алмашуу япон балдарынын негизги кумары катары саналчу. Мындан улам Сатоси курт-кумурскаларды кармоочу клейден жасалган капкандан тарта механикалык капкандарга чейин ойлоп чыккан. Өзгөчө коңуздарды чогултууну жактыргандыктан тааныгандардын баары ага “Коңуз дарыгер” деген ат коюп алышкан. 1970-жылдары ал Токио шаарына көчүп келген жана ал жакта мурункудай токойдон коңуз издөөгө мүмкүн эмес болгондуктан жаңы нерсе, тактап айтканда, видеооюндарды жасоого баш-оту менен киришкен.
Ал 1982-жылы видеооюндарга арналган “Game Freak” аталышындагы журнал ачып, ага жаңы оюндар тууралуу кызыктарды жана эски оюндардын сырларын чыгарып турган. Жогорку класста окуп жаткан кезинде окуусун таштап, эптеп атып орто билимге ээ болгон жана мындан ары окубай тургандыгын билдирип, убактысын оюн ойлоп табууга гана арнаган. Анын эң алгачкы чыгарган оюну “Mendel Palace” деп аталып, андан соң дагы бир канча оюндарды түзгөн.
1990-1996-жылдар алкагында жаңы оюндун үстүнөн иштеп, “Покемон” аталышындагы мультсериалын чыгарат. Муну чыгаруу үчүн каражат жетишсиз болуп, ал өзүнүн алдында иштеген жумушчуларга акча бербей турууга аргасыз болгон. Бирок ошол убакытта ага көмөктөшүү үчүн Сигэру Миямото аттуу геймдизайнер кайрылып, экөө биргеликте “Покемонду” коомчулукка сунушташкан. Кийин оюндун алкагында аниме пайда болуп, андагы каармандарга Сатоси жана Сигэру деген ысымдар коюлган.
Ал эми “Покемондун” карталык оюндары 40 миллиарддан ашуун нуска менен 50гө жакын өлкөгө сатылган. 1998-жылы Токиодо “Покемондун борбору” деген аталыштагы ири дүкөн ачылып, анда аталган каарманга байланыштуу бардык буюмдар сатылган. 2009-жылы оюн эң көп сатылган видеооюндардын сап башына чыгып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
Ал эми 2016-жылы “Pokémon Go” аталышындагы оюн пайда болуп, коомчулук арасында болуп көрбөгөндөй резонанс жараткан. Анда оюнду уюлдук аппаратка көчүргөн соң камераны күйгүзүп, жакын арада турган покемондорду чогултуу үчүн көчө аралай басуу зарыл. Оюндун негизги максаты – андагы 721 каармандын ичинен айрымдарын чогултуп, аларды машыктыруу керек. Оюн алардын бири эсин жоготкончо же машыктыруучу жеңилгенге чейин уланат. Бирок покемондорду кармоо оңой эмес, алар бүткүл дүйнөнүн ар кайсы аймагында болушу мүмкүн. Мындан улам аны кармоо үчүн таптакыр башка өлкөгө барууга да туура келет. Оюндун чыныгы фанаттары мындай жоруктарга баруудан качышпайт.
28-августтун жылнаамасы.