ЭЛДИК КАБАР: "Манас оюндарына" келген спортчу сууга чөгүп каза болду" дейт окурман

"Көгүлтүр Ысык-Көлдө "Манас оюндарына" келген спортчу сууга чөгүп каза болду", - деп билдирди SUPER.KG`ге окурман бүгүн, 28-августта WhatsApp аркылуу.

"Манас оюндарына" келген спортчу болчу. 15 мүнөттөн көп суудан таппай жаттык. Жарым саатка жакын сууда жатты. Эс алуучулар алгачкы жардам беришти, бирок ал көгөрүп, муздап калган болчу. Дем алган жок. Спорт комитетинен анын каза болгонун айтышты", - дейт окурман.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 25-31-август аралыгында спорттун улуттук түрлөрү боюнча "Манас оюндары" өтүп жатат.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Ысык-Көлдө спортчу сууга чөгүп каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lekarstvosvoegomuja
2017-08-28 18:55:41
Ажалы Ысык колдо экен да. Жаткан жери жайлуу болсун
+4
dirol
2017-08-29 10:29:09
Lekarstvosvoegomuja,инстаграммда моргто озуно келиптир тируу экен деп журотко.
0
mish87
2017-08-28 21:08:40
Ким кай жактан маалыматты толугураак чыгарсанар
0
admin_superstan
2017-08-29 09:54:16
mish87, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, такталууда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан